пир

китептерде 24 жолу, 7 китепте
  1. дин. Диний каада-салтты жакшы билген динчил адам, көсөм, касиеттүү, колдоочу.
  2. өт. Урматка ээ болгон, акыл-насыят берүүчү карыя, насаатчы, устат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мен айтамын чынымды, / Жашырбай ички сырымды, / Таластын туруп бетинде, / Кылалбаймын сыйкырды, / Пири тирүү жер экен, / Колдоочусу бар экен, / Пири жердин кызы экен, / Сыйкырга менден мыкты экен, / Көрүнө мага айтты кеп, / Мында турбай кайткын, деп, / Таластан … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Олуйа султан пир үчүн, / Андан кала бергенде, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Атактуу Талас жер үчүн, / Карап туруп Субатай, / Кетирем сени не үчүн?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Далдаңдап Сынчы жөнөдү, / Хан кешпирин эл көрдү, / Арылдап элге жар салды, / Берди, деп, баатыр тилекти, / Сынчыбектин көп колу, / Эли менен аттанып, / Арбын мөрөй алгансып, / Адамдын баары шаттанып, / Ушундай болду, «Йа пир! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Олуйа заада пир урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эгер бир түп карагай кыйсак, карагай башы он түп карагайга пиртөкөл жасады. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →