пикир
- Бир нерсе жөнүндөгү ой, көз караш, кандайдыр бир нерсеге өзүнүн көз карашын билдирип айткан сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эмне болсоң чыныңды айт, / Ички пикир сырыңды айт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Барарында Бекбача, / Акыл айткан бир канча, / Өлөрүн билип өзүнүн, / Бүткөнүн билип өмүрүн, / Бизге айткан турбайбы, / Ички пикир көңүлүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ички пикир сырың айт, / Жашырбастан чының айт, / Каңгайдын калкы кептенип, / Калгандардан эр чыкпайт, / Чоңойсо бойу эрмин, деп, / Чокчоңдой берет калгандар, / Жалгыз башым менмин, деп, / Ошонун бири болдуңбу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Арамзада Сулаймат, / Бармагын тиштеп баш чайкап, / Алды аркасын тең байкап, / Баш көтөрүп бир чакта, / Жылчыгы жок кеп айтат: / — Баарың уккун, — деп айтат, / Хандык такта колумда, / Калк башкарып эл бакмак, / Канчалык пикир ойумда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бузулса элиң, чыныңды айт, / Ички пикир сырыңды айт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →