периште
- Диний мифологияда: көбүнчө кишилерге калкасын тийгизүүчү кудайдын элчиси.
- өт. Жакшы көргөн адамына, көбүнчө аялдарга карата эркелетип айтылган сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Балталуусун башка уруп, / Балчактай кылып жапшырып, / Ардактаган жандарын, / Азырейил периште, / Жанды ээсине тапшырып, / Калкандуусун капшырып, / Качкандарын салпактап, / Куткарбастан башка атып, / Жамгырдай кылып жаа тартып, / Томпойтуп аттан кулатып,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара мүртөс неменин, / Кара көздөн жаш чыгат, / Дагы кирди ал Отор, / Минген атын камчылап, / Беттешип Отор жеткенде, / Периштенин үнүндөй, / Бек ачуу үнү жетти эле, / Белдүүдөн тирүү Күлүстөн, / Үн угузуп өттү эле, / Күлүстөн үнүн угабы, / Күлүстөн үнүн укканда, / Көмөрүлбөй турабы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…алыга калкан жамынып, / Башына туулга салынып, / Ач жолборстой чамынып, / Кабагы карыш салынып, / Колуна найза карманып, / Касаба тоодой жарданып, / Жан алуучу периште- / Азырейилдей каарданып, / Таноолору барбайып, / Тамылжып өңү саргарып, / Оозунан жалын от чачып, / Көзүнүн чаарын чыгарып, / Минген атын камчылап, / Казабына…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Же болбосо периште, / Бенде болуп келгенби: / Жылтылдаган кош көлдөй, / Маңдайында көзүбү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Же болбосо асмандан, / Периште түшүп келгенби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →