перзент
- Бала.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Анда Кошой кеп айтат: / — Кана, балам Каныкей, / Алып келчи чүрпөңдү, / Төрөнүн жалгыз перзенти, / Учураша кетели, - / Эпчи жакта жүк бурчу, / Боор такасы алтындан, / Көзү сүйкүм мөлтүрөк, / Кохардан мончок тагылган, / Кундактагы баланы, / Борумдуу тууган…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бербеймин деп айталбай, / Перзенттин көөнүн кайтарбай, / Кантер айла табалбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жаны тынчып жай албай, / Таң атканча уктабай, / Ыйлаганы дагы бар, / Балам жок перзент берсең, деп, / Аманат жанын буркурап, / Кыйнаганы дагы бар, / Таң атканча такшанып, / Алп Манастын иштерин, / Ырдаганы дагы бар, / Жалгыз Манас шер эмес, / Олу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
– Биздин ханыбыз алтымышка чыкканча перзент көрбөгөндүктөн, мен ханга бала тилеп чыктым эле, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ошондуктан перзент көргөн жок, силер чын ыкласыңар менен бала тилей турган болсоңор, дайындуу бир адам каттай турган тогуз жолдун тоомуна бир дүкөн, бир сарай, бир чайкана куруп,…
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →