пенде

китептерде 140 жолу, 10 китепте
  1. дин. Кудайдын кулу.
  2. Адам, киши.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бирөө өлсө бирөө бар, / Өлгөнүнөн тирүүсү, / Улам мыкты, улам заар, / Пенде эмес жердеги, / Пери качып кутулбай, / Адам эмес амалсыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Байлаган менен Чубакты, / Алып кете албады, / Болгун, тарткын, болгун, деп, / Бабырашып жатканда, / Баатырыңдын ач албарс, / Ага сыйкыр даарыбас, / Тирүүлүктө пендеге, / Мындай сонун табылбас, / Кынынан тартып алыптыр, / Кызыл кыргын салыптыр, / Бошотуп тордон ошондо, / Кутулуп Чубак калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сөөлөтүн көрүп Карадөө” / “Ойноп жүргөн топ адам, / Периденби, пендеби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Согушкан пенде соо калбай, / Соолгон жандан ажыраар, / Бердике айтып жиберди, / Эл жыйылган көпчүлүк, / Чуркурашып калышты, / Ким экенин ким билет, / Бирөөнүн айтып салышы: / “Жоо кадырын, жоо билет, / Гүлчоро менен Канчоро, / Ал экөөнөн башкадан / Буга беттеп ким кирет? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →