пейил

китептерде 38 жолу, 8 китепте
  1. Мүнөз, кулк-мүнөз.
  2. Көңүл, көөн, ниет, ой.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каракөз бизге эл эмес, / Ак пейил киши деги эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Санаасы санга бөлүнүп, / Тирүүлүктөн өлүмү, / Карыш жакын көрүнүп: / “Кененимди угушта, / Кең пейил деп угамын, / Пейли мага кең болбойт, / Саламатты бузганым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Семетей уулум эр эле, / Кең пейилдүү эме эле, / Кан чыккан деп кеп салсам, / Койчу, энеке, деди эле, / Сенден көрдү жамандык, / Ырас болду дегеле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жетер жетпес болгондо, / Пейилин көрдү капырлар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Сол куу пейил неме сендерге да жөнди тамак бирмес ав деймин... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →