пахта

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Буласынан кездеме жана башка нерселер жасалуучу, уругунан май жана башка нерселер алына турган, ысык жакта өсүүчү бир жылдык техникалык өсүмдүк.
  2. Ушул өсүмдүктүн буласы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кебезден кылган пахтада, / Алтындан кылган тактада, / Жаткан экен Акун хан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Гүлчоро нике кыйды эле, / Алтындан кылган тактыга, / Кебезден кылган пахтага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көз жиберип караса, / Кебезден кылган пахтада, / Керебет алтын тактада, / Тектирде жаткан кулжадай, / Эжеси менен төрөсү, / Мойун алышып калыптыр! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Алып келди ортого, / Кабылан Бакай, Нескара, / Башкарчу уруш хандары, / Катар койгон тактага, / Жумшак мамык пахтага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Арасында пахтанын майдасындай үлпүлдөгөн бирдемелер илээшип жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →