пас1
- Төмөн, ылдый, жапыз.
- өт. Анчалык эмес, начар, бош, төмөн, көтөрүңкү эмес.
- диал. Тайыз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коросон, испан, жедигер, / Моңгул, маңгыт, тажикти, / Чогултуп сени жам кылды, / Кошулдуң деп монгулга, / Коросон, испан, тажикти, / Баш көтөртпөйт Кененим, / Маанайын элден пас кылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жетисууда жедигер, / Жери, баатыр, сеники, / Жети суу толуп жайкалган, / Эли, баатыр, сеники, / Илгертен бери кас чыккан, / Теңдеше албай пас чыккан, / Эри, баатыр, сеники, / Толтойдон бери карата, / Теги, баатыр, сеники.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Анык угуп Кененим, / Көбөйбөгөн аз жакта, / Коросон менен испандык, / Бүгүн менден пас жакта, / Колботуп кошуун кура элек, / Батыш менен чыгыштын - / Баарына кабар кыла элек, / Кур семирген буларды, / Кууратайын аны деп, / Антип келип калганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…тылып элге дүң болду: / Коңгуроолуу кара нар, / Бири миңге барабар, / Жалаң төөң миң болду, / Жалпыга дайын дүң болду, - / Арак ичкен мас Көкчө, / Акылы кеткен пас Көкчө, / Андан кийин акырды, / Араң турган бектерге, / Айтып кебин жапырды: / — Бергени болсо албайбы, / Мени камап олтурбай, / Белгисиз жолго салбайбы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Семетейдин катыны, / Шаатемир кызы Чачыкей, / Эрке катын атанып, / Жүргөндө жанды элебей, / Айчүрөк келип пас болду, / Семетейге кас болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →