партия

  1. Кандайдыр бир таптын, саясий топтун уюмдашкан жогорку формасы болуп, ошол таптын, топтун бир кыйла активдүү бөлүгүн түзгөн, анын таламын жактап жана каршы тараптарга идеологиялык күрөш жүргүзгөн саясий уюм.
  2. сүйл. Партиянын мүчөсү.
  3. Белгилүү бир максатта биримдешкен же бириктирилген адамдардын тобу, отряд.
  4. Белгилүү бир өлчөмдөгү, көбүнчө көбүрөөк сандагы товарлардын, нерселердин тобу.
  5. муз. Көп үндүү музыкалык чыгарманын бир аспап же бир киши тарабынан аткарылган айрым бөлүгү.
  6. Бир жолку ойнолгон оюн, бир саам оюн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.