парз

китептерде 8 жолу, 3 китепте
  1. Ислам дининин жобосунда: иштесе сооптуу, иштебесе күнөөлүү, ишенбесе ыймансыз боло турган чечим. Парзга: исламдын чындыгына ишенүү, күнүгө беш жолу намаз окуу, рамазан айында 30 күн орозо кармоо, жыл сайын малынан зекет берүү, өмүрүндө бир жолу Мекеге баруу кирет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

— Мухаммед сунган шарийат, / Ак селдесин оронуп, / Акундар айткан тарийкат, / Алы келсе бүтүрчү, / Мусулманда маарыпат, / Ченине жеткен жери экен, / Ченеми анын акыйкат, / Эч кишинин жок болсо, / Мойнуна түшкөн кыйын карз, / Алмам айаш, билесиң, / Андан кийин Мекке парз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Туруп кетип ойлонуп, / Кыз Куйалы толгонуп: / — Кайда болсо ургаачы, / Эрге тийиш парз экен, / Ата даңкы өтө зор, / Өзү жаштын шери экен, / Жыйырма экиде курамы, / Жаш тарапта курбалдаш, / Сейтек мага ылайык, / Ушул жер мага бап экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Агып жаткан арыктан, / Адал даарат алышып, / Жайнамазын салдырып, / Экөө сүннөт, экөө парз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кайра кирип үйүнө, / Жай намазын жайды эми, / Экөө сүннөт, экөө парз, / Кудай таала кудурет. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бут дааратын алды эми, / Экөө сүннөт, экөө парз, / Кудай таала кудурет, / Өтпөй турган кыйын карз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →