пара

китептерде 9 жолу, 3 китепте
  1. Кандайдыр бир мыйзамсыз жол менен өз кызыкчылыгын иш жүзүнө ашыруу үчүн кызмат адамына берилген акча же белек.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Индистан барса киши алдайт, / Пара берип эр жалдайт, / Каптап келсе Индистан, / Кумурскадай арбын журт, / Узакка кетет бул жумуш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түгөткүлө күндөрүн, / Эркек кыргыз жүрбөсүн, / Кайда кыргыз бар десе, / Малы-пулуң айаба, / Пара берип аларга, / Сатып алып кыргызды – / Кан ичме жинди бул журтту, / Тукум курт кылгыла. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Бир болсо парага шыкалып туруп анан берет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
…з кылып каттатып, арадан жем түшүрүү, өчуккөнүн жасоолдорго, полицияларга сабатып, ыза көрсөтүү, жүрөгүн алуу, алсыздарды ыйлатуу, улуктарга, сотторго жагынуу, парага семирүү, өз кулкундарын тойгузуу... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →