палоо
- Эт, май, сабиз жана башка татымал салып, күрүчтөн жасалган, демдеп бышырылган тамак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…еймандос, / Самаварын кайнатып, / Дасторкондун бетине, / Түрдүү даамын жайнатып, / Сары кантын чактырып, / Дасторконго чачтырып, / Кишмиштен салып буулантып, / Палоосун, сартка бастырып, / Куурдак менен май койуп, / Чыны менен чай койуп, / Аш-тамагын жай койуп, / Капакка салып бал койуп, / Каймакка бышкан нан койуп, / Канык ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…лөсүн шаштырып, / Дасторконун жаздырып, / Дүр-дүнүйө, жер-жемиш, / Алып келип чачтырып; / Сары кантын чактырып, / Зардек менен мейизди, / Ыгы менен салдырып, / Палоосун мыктап бастырып, / Бор койуна Токтосарт, / Кошо бата кылдырып, / Керчөөсүн кебеп бышырып, / Боору менен куйругун, / Майлуу боор кылып кесиптир, / Күмүштөн сокк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Энеси палоо басып, бир жагына май аралаш, бир жагына уу аралаш палоону экиге бөлүп алып келет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →