пайдасыз

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Пайдасы жок, пайда келтирүүгө, кандайдыр бир максат үчүн кереги тийүүгө жарактуу эмес, натыйжасыз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Тогузумда аттанып, / Тоо томордум” — деп айттың, / Он бешке жашым жеткенче, / Ойноп үйдө мен жаттым, / Пайдасыз бала жетимди, / Убара кылып не бактың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мындай күнү пайдасыз, / Жоголуп кетти Бекбача, / Мындан кабар угалык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Бака, балык тили бир” / Айкөл калбайт кабарсыз, / Ашыкпагын Кыргыл чал, / Айткан сөзүң пайдасыз! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →