пайда1

китептерде 127 жолу, 10 китепте
  1. Киреше, олжо.
  2. Жакшылыкты көздөгөн иш, кандайдыр бир кызыкчылыкты, таламды көздөгөн жакшылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылганына киришип, / Кыйгачынан тиктенип, / Кыйык сөз угуш не пайда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Бейбашсың, моңгул, сен, — деди, / Бейбаштыгың ар качан, / Өзүңө пайда бербеди, / Коктукаттын шаарына, / Кошуунуң калбай жүр! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Мал оттосо жай алган, / Маралдын оту бөксөнүн, / Мал жалгаган чөптөрүн, / Пайдасын эч бир көрбөдүм, / Башымды кошкон Көкчөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ошентип менин шыбагам бүгүн үйдөгүлөрдүн пайдасына калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– деп үшкүрдү эле, кайдан-жайдан экени белгисиз ак сакал чал пайда боло калып: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →