пайгамбар

китептерде 23 жолу, 6 китепте
  1. Диний түшүнүк боюнча: Кудайдын өкүлү, анын айтканын адамдарга түшүндүрүүчү, таратуучу адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…бай, / Бакай айткан кеби бар: / “Эңкейгенге эңкейгин, / Чекең жерге тийгенче, / Ал атаңдын мурас кулу эмес; / Какайканга какайгын, / Төбөң көккө тийгенче, / Ал пайгамбардын уулу эмес”, / Бакай айткан ушул кеп, / Бекер айткан кеп эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
калды эле, / Кошой эртең келет, деп, / Кужур–кужур болгондо, / Шоруктун кызы Накылай: / “Кечээ Көкөтөйдүн ашында, / Бата алып Каныкей, / Бала тууду Семетей, / Пайгамбардай зор Кошой, / Бүгүн келбей калыптыр, / Келе турган жолуна – / Оролмонун Сеңирге, / Көчүп барып жол тосуп, / Бээни сойуп күтүнүп / Өз үйүмө түшүрүп, / Бата алсам… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Пайгамбары башкасы, / Кыймыл эткен бар жаны, / Мойун сунуп ажалга, / Кетти баары тамамы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Беш күн өрүн алганда, / Он эки балбан жанында, / Мен кетем деп кыз балбан, / Кам-кечесин кылганда, / Айчүрөк айтат ушунда: / — “Пайгамбар кошкон дос болот, / Кудай кошкон куда” деп, / Калк ичинде макал кеп, / Сен экөөбүз дос элек, / Пайгамбар кошкон шекилдүү, / Эби, келсе Куйалы, / Эне-бала болол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Отуз үч миң асааба, / Мурунку өткөн көп жарга, / Төрт чарыйар пайгамбар, / О дүйнө кеткен көп жандар, / Арбагына алардын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →