падышалык
- Падышага, падыша башкарган бийликке таандык.
- Падышачылык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ды: / — Мынабу кырдын нар жагы, / Күмүш булак түз керүү, / Ураандуу жайлоо жерибиз, / Жетисуу эли деп койот, / Биз дагы кыргыз элибиз, / Жетисууда жети улук, / Падышалык өкүм бар, / Баары келип чогулуп, / Падышабыз Темирбек, / Таластан келген мында, — деп, / Падышалык орунга, / Жетисуулук ээ эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…птүз кылат” деп, / Коросондун элдери, / Өз жанынын камын жеп, / Убайым тартып сарсана, / Упурак болуп турганда, / Бурулбастан Кененим, / Коросондун коргонго, / Падышалык ордого, / Тепчий сайды соотунан, / Дарбазанын ортого.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сур тайды ага бергениң – / Падышалык тагыңды, / Башында белги бергениң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ажыбайдын уулуна, / Катчылыкты бергени, / Падышалык алтын мөөр, / Керменбайга тийди эми, / Оболбек менен Сетертай, / Таласта эки бий деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Падышалык өкүмдөн, / Жаркырап чырак жагылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →