падыша

китептерде 212 жолу, 10 китепте
  1. Монархиялык бийликтин башчысы, монархтын титулу, атадан балага өтүүчү кандык бийлик.
  2. өт. Мамлекет башчысы, эл башчысы.
  3. өт. Эң күчтүү, эң кыйын, эң урматтуу, асыл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Падыша Чыңгыш болсоң да, / Өтө сенин пейлиң тар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Падышам Манас баатырдын, / Коргонунун дарбаза, / Коморулуп калыптыр, / А дүйнө кеткен Алмамбет, / Ошол оңдоп салыптыр, / Баш босого аштоосу, / Башка болуп калгандай, / Айаш Бакай, оңдодуң, / Килити чыкпай койгондо, / Келип өзүм оңдодум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жанына барып, жай алып, / Анда жатып жайланып, / Барып келген жолунан, / Баштан айак кеп салып: / «Он беши күнү бул айдын, / Падышаң сенин Семеңди, / Кең Таласка күмбөзгө, / Алып барамын — деп — салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Падышанын адил жардыгына каршы болгон ит, сени азыр мен эмне кылып жиберейин? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Мен Турум падышанын баласымын, Рум падышанын Каракөз айым деген кызын издеп келатамын, – дейт бала. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →