паанала

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Калканч табуу, баш калкалоо, баш калка кылуу.
  2. өт. Тирек, таяныч табуу, өзүнө жактоо, колдоо табуу, бирөөгө каралап туруп калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каныкейди пааналап, / Айчүрөк турду кылчаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жеркесинде каралаш, / Өз билгимче иш кылып, / Билимпоз агам Бакай деп, / Кырк баатыр мага пааналап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кантсин байкуш, жедеп сөөгүнөн өткөн соң амалсыз, бизди пааналап келсе керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →