оңурай

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Үңүрөйгөн, чоң оюп алынган көрүнүштө болуу, тешиги чоң болуп көрүнүү.
  2. Ормоюу, жактырбай үңүрөйө караган көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ойноктотуп тору атты, / Оңурайган чочкону, / Оң бөйрөккө муштады, / Ооп барып оңолду, / Оодарыла тас калды, / Оңой бала эмес деп, / Ойуна алды Калыбек, / Найзасын күүлөп тап берип, / Мыкты болс… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Көрчү, мына бу бир үйдөн суу сурап, көзүн оңурайтып, өлөрдөй жутуп жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Баятан жанына келип турган менин адам экенимди же айбан экенимди айырбай турган адам, мен жаңкыдай дегенден кийин эңкейип иш кылып жаткан боюнча, мага жат көзү менен бурулуп туурасынан оңурая калды да: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →