оңтойло
- Оңтойлуу абалга келтирүү, ыңгайына, кырдаалына келтирүү, оңтоюна келтирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ылаачындай шамдагай, / Өтө андес Кардыгач, / Кармап турган оңтойлоп / Шылкы мойун чойун баш, / Дал бетине кылычтын, / Жаза чаппай какканда, / Өзү болот темирден, / Сугаты катуу берилген, / Шылкы баш катуу тийгенде, / Үзүлүп кетти белинен, / Сабы калды колунда, / Тутамчалык темирден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кылычын шилтеп ийгенде, / Кылычтын мизи тийерде, / Кыраан баатыр Бекбача, / Балта менен какканда, / Кырк бөлөк кылыч бөлүнүп, / Асманды карай атканда, / Бир колунда найзасын, / Оңтойлоду сайганга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көмө сайып Чубакты, / Көкжалды карай жөнөдү, / Жеткен жерде эр Манас, / Жээликпеген шер Манас, / Сайдырбай кагып найзасын, / Этектен бурдай кармады, / Оңтойлотуп долуну, / Үзөңгү боого салганы, / Жалманбозун олжолоп, / Үйүнө алып барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Төрдө, жаман шырдактын үстүндө отурган чекир көз старчын колунда эрмектеп, сындырып отурган жалгыз тал куурайын отко таштап жиберди да, Бурмакеге жооп берчүүдөй оңтойлонуп келип:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →