оңой-олтоң
- Жеңил-желпи, жеңил.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Угуп жүргөн укмуш да, / Моңгулдан өткөн Коңурбай, / Манжудан чыккан Дөдүр алп, / Азыркысы чоң Бодоң, / Дөдүр алптан кем эмес, / Бекбачадан башкасын, / Көзгө илер эр эмес, / Оңой-олтоң жоо эмес, / Оморулчу тоо эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Какайганга какай, — дейт, / Төбөң көккө жеткинче, / Ал падышанын уулу эмес», / Карылар айткан ушул кеп, / Оңой-олтоң кеп эмес, / Жашырбасаң сырыңды, / Жалганы жок чыныңды, / Мадыбек менен Чигитей, / Кек алчуунун бири эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Алымсарык жаш арстан, / Оңой-олтоң эр эмес, / Оңдуруучу жоо эмес, / Оңойлук менен кишиге, / Оморулчу тоо эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Изи түшкөн бу жылкы, / Бейжиндиктин жылкы эмес, / Минип келген ким болсо, / Оңой-олтоң киши эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…а, / Куткарбас кетти деп салып, / Канча күндөн бер жакка, / Кагышта жүргөн баатырлар, / Бүткөн бойун жуунуп, / Белин бекем буунуп, / Эр Сейит айтат ошондо: / — Оңой-олтоң жоо эмес, / Ойлоп көрсөм Куткарбас, / Оңойлук менен кишиге, / Оморулар тоо эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →