оңой
- Жеңил, жеңил-желпи, кыйын эмес.
- Бат, тез, ылдам.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жаңыдан чыга калганда, / Калдаңды айткан кыйын деп, / Зоңтарынын жанында, / Калдаң анча мыкты эмес, / Турумбек оңой эр эмес, / Оңойлук менен адамга, / Оморулчу бел эмес, / Кара кытай Зоңтары, / Оңой-олтоң жоо эмес, / Томолонор тоо эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Одураңдайт үйүндө, / Оңой эмес жоо саймак, / Жыгалбай Отор калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Арбын салды урушту, / Арзан эмес жумуш бу, / Оңой эмес кыз балбан, / Алты күнү турушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Оорагы Манас уулумда, / Оңой эмес Сыргагым, / Жоошуп туруп түз айтат, / Акылы терең Серегим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оңой, олтоң кум эмес, / Оңойлук менен адамзат, / Өтүп кетер жол эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →