оңо

китептерде 117 жолу, 10 китепте
  1. Жолго коюу, кемчиликтерди жоюу.
  2. Ирдентүү, эттендирүү; турмушун, саламаттыгын ж. б. дурус абалга келтирүү, түзөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үзөнгүдөн бут тайып, / Ооп барып оңолду, / Ороңдогон чочкого, / Абдан шайтан толгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айланып артка болгончо, / Аттарын сабап чойгунча, / Капташа түшкөн бирөөнү, / Как далыга муштады, / Сыргак сайган оңобу, / Эңкейсе өйдө болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…Чаңдан чыгып Семетей, / Атырылтып удаанды, / Элөөсүз турган чочкону, / Далыдан нары бир сайды, / Үзөңгүдөн бут тайды, / Ээрден көчүк бултайды; / Жыгылбай чочко оңолду, / Кайратына карк толду, / Ошол үчүн бул каапыр, / Кутургур атка конгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Хан болдуң араң бир жылы, / Касиет конуп оңолдуң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– Силер эле алып баргыла, менин каныма силер забын болбойсуңар, турмушуңар оңолот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →