оңкогой
- Оңкойгон, коңкойгон. [Көкөнү] колжойгон оңкогой мурун неме жүзүн үйрүп ормоңдоп опузалады (Касымбеков).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
кан тамган, / Кара көздөн от жанган, / Кабагына кар жааган, / Мурутуна муз тоңгон, / Сакалы тал-тал бириндеп, / Бекбачаны ким көрсө, / Бүткөн бойу дирилдеп, / Оңкогой мурун жайык бет, / Өңү сары, көзү көк, / Өзгө жандан бөпбөлөк, / Каары катуу көрүнөт, / Кармагандан кан алган, / Качыргандан жан алган, / Заары катуу көрүнөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алдыңдан тосоор ногой жок, / Атаң Манас кабылан, / Урумду чаап олжо алган, / Ортосун бузуп жол салган, / Орустан алым көп алган, / Алдыңдан тосуп келгендей, / Ай сайын алым бергендей, / Оңкогой мурун чуңкур көз, / Орустун калкы мында жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →