оңко
- Мергенчиликте миңинчи атылган кийик ок тийгенде төрт аягы асманга карап жан берет деген ишеним.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Койун колтук алышмай, / Колтукташып турушмай, / Ача кармап ыргытмай, / Табарсыктан бут менен, / Оңкосунан чыгышмай, / Жата калып көтөрмөй, / Күч чыңдашып жөтөлмөй, / Аркасына сүрүшмөй, / Башын такап көөдөнгө, / Төбөсүнө көтөрмөй, / Отуз эки ат машы, / Жетимиш эки ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
– / Таазим кылып жиберип, / Күрмөөгө араң тил келип: / — Мен Сынчыбек урганмын, / Ойлобой жумуш кылганмын, / Өзүм тапкан жабырга, / Оңкочуктап турамын, / Үмүтүм бар көкжалдан, / Амандыгын сураймын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ып, / Элүүнү беттеп бир сайып, / Мелжеп сайып он бештен, / Аңтара сайып отуздан, / Жүздү сайып жүдөтүп, / Миңди сайып бөлүнтүп, / Саны миңге толгондо, / Бирден оңко тургузуп, / Мелтиреген куу чөлгө, / Агызып канын чубуртуп, / Жарк эттирип, шилтесе, / Кылычтан канын куйултуп, / Кыйырын бузбай кыйратып, / Кызыл кумга сулатып…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Оңко турган кишиден, / Он бирдин алдым санатын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Зыркырап кетип баратып, бир кезде көчүгүмдөн сыз өтүп кеткен соң, сунуп жиберген бутумду бүгүп алайын десем, учу кайрылып калып күүлөнгөн бойдон барып оңкомон түштүм.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →