оңдо
- Бир нерсенин бузук жерин түзөтүү, жөнгө салуу, эпке келтирүү. [Айтбаев] шамдагайлык, эпчилдик менен машинаны оңдоп жатты (Сасыкбаев).
- Бузулган же начарлаган ишти жөнгө салуу, жолго коюу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бойун оңдоп албастан, / Кууп калды дардактап, / Күүсү менен тулпардын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Дабытайдын найзасын, / Сайдырбай кагып жиберип, / Колундакы найзасын, / Оңдоп кармап имерип, / Кыйа тарта бергенде, / Кыйрына кирип келгенде, / Кый сүйбөөгө бир сайды, / Кызыталак Дабытай, / Ээрден көчүк бултайып, / Үзөңгүдөн бут тайды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чарыйар сага жар болсун, / Жазымыш жолуң оңдолсун, / Көрө албаган душмандын, / Көзү агып көр болсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бай Кутубай, Торсолдой, / Сетертай менен Каргалдай, / Оболбек – булар бир катар, / Башын өөдө көтөрүп, / Керменбай эми муну айтар: / — Атадан калган алтын так, / Асыл Сейтек, ээ болдуң, / Ата конуш Таласка, / Он күнчө болду конгонуң, / Кечиктирбей элиңдин, / Бардык ишин оңдогун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Качырып барып жетти эле, / Найзанын учу жетерде, / Капталга койуп кетерде, / Кыйын экен Суркойон, / Кыйа тартып жалт берип, / Коктудагы койондой, / Аркасынан кылт берип, / Уйалбастан Канчоро, / Өкүргөндөн бакырып, / Хан Кыйаздап чакырып, / Кыйазга жетип барды эле: / «Катыгүн, Кыйаз, болбоду, / Сары хан, элди оңдоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →