оштон
- Көңүлү көтөрүңкү болуп эргүү.
- өт. Кылыктана койкоктогон, ойноктогон көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жедигер эли дегенде, / Оштоно сүйлөп Бактыбай, / Өтө болуп көөнү жай: / — Ким да болсоң, арачым, / Каракөзгө айтып бар, / Куру кетпей угуп кет, / Менин атым Бактыбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…Барып кайра келгинче, / Айтып берди бар кебин: / — Эп келеби силерге, / Ал Чигитей баатырга, / Мен Торгойду берейин, / Уккандын баары коштонуп, / Айрыкча Көкөй оштонуп, / Калың журт кабыл алыптыр, / Кызга берчү сепсерин, / Эсептеп катка салыптыр, / Узатабыз кызды, деп, / Камынып казак калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ишенгени жез камчы, / Таштан кайтпас тез камчы, / Пери менен дос болуп, / Белекке алып кош болуп, / Беттешкенин жоготуп, / Боронбай жүрчү оштонуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Туш-тарапка бир карап, / Көтөрүп тумшук жыт бурап, / Жоболоң тартып оштонуп, / Жолборсум турду зыңгырап, / Куйругу жерди токмоктоп, / Токтоно албай омсоңдоп, / Жолборсум турду күркүрөп, / Дөбө турду дүңгүрөп, / Төрт тараптан айбанат, / Түрүлүп келди дүркүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Түрө тиктеп Айчүрөк, / Көзүнүн жашы кылгырып, / Семетей менен Чүрөктүн, / Турушуна окшошуп, / Себелеп жамгыр жыбылжып, / Жел жүрбөй дымып токтолуп, / Жердин бети чок болуп, / Тиктеп турган Семетей, / Бут солбуду козголуп, / Хан Бакайды кыйырда, / Айчүрөк күлдү оштонуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →