ошончолук

китептерде 34 жолу, 9 китепте
  1. Канча болсо ошондой, ошол санда, ошончо, абдан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кардыгач өлүү-тирүүбү, / Ошол жактан кеп сурап, / Билбедим деп Бекбача, / Ошончолук кеп кылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өз башыңды, Кубатай, / Үстүнкү тоочо болжодуң, / Кубарган чөптөр шуудурак, / Сени мен ошончолук болжодум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ошончолук болжолу, / Муну менен аргалап, / Жандырабыз буйурса, / Бир сапаркы көп колду, / Куу түлкүнү кармасак, / Терисин силкип байлансак, / Кубултуп ийбей сактасак, / Бул дагы жаман иш эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Отуз эки алпы бар, / Эр Коңурбай зор калча, / Ошончолук салты бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…гүн, / Көз ачырбай Ойроттун, / Башына салып мүшкүлүн, / Колуна жарак алдырбай, / Кубантып көөнүн жай кылбай, / Аш кайнамча эрк берип, / Анын жанын тындырбай, / Ошончолук урушта, / Ал Ойрот турат жыгылбай, / Кыйналып барат Сомбилек, / Кылча жаны бир тынбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →