ошончо

китептерде 56 жолу, 10 китепте
  1. Ошол санда, ошол болгончолук.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Айтып кабар бергенде, / Кабар айтып ханына, / Ошончо элдин баарына / Эр Бекбача, Татыбек, / Бир миң мыкты эр менен, / Жер жайнаган эл менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кара башың, Кубатай, / Кара тоочо болжодуң, / Камыштын башы шуудурак, / Сени мен как ошончо ойлоном. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көкчөдөн угуп бул кепти, / Ойуна алды арстан, / Айжаңжүн карай жүргөлү: / — Хан Бакай, Чубак кел, — деди, / Кебим бар айтам мен, — деди, / Кармашып жүрүп жоо алдым, / Бануусу, соксо дөөнү алдым, / Ошончо тартып жабырды, / Бул өңдүү күнгө калбадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Этинен кесип келгиле, / Таразага салалы, / Ошончо алтын алгыла. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошонун жалгыз ооз сөзүн билбесем да, ысыкта мемиретип салган кайгылуу, заардуу, жетим обону менин жүрөгүмдү козгоп, анын мазмунун ошончодон жалгыз өзүм түшүнүп тургандай болом. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →