ошондуктан

китептерде 46 жолу, 7 китепте
  1. Андыктан, ошон үчүн, ошол себептен.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошондуктан урумдук, / Уйпаланбай тынч калган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Коңурдун кебин жаңжүндөр, / Бучкагына алган жок, / Алмак түгүл алардын, / Кулагына кирген жок, / Ошондуктан айтышты, / Алар сүйлөп жайма топ: / — Сага бирөө Коңурбай, / Кеңеш-кебин салган жок! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ошондуктан кылымга, / Айтылып келет дастаны, / Мен - мен деген Тапактан / Тартып алды найзаны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Ошондуктан бирин-сериндеп кап бөктөрүнүп алып, орус поселкаларына чубап калган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Карчыга: "Кокус мен кетип калсам, булар Жагалымды өлтүрүп коюшат, ошондуктан үйдөн эки-жакка чыкпайын" дейт да, жеңесине: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →