ошондой
- Так ушундай, ошол болгондой, ошол сыяктуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Лопнурдун чыгыш түндүгү, / Тообо-томук кылат дейт, / Ошондой өткөн жүргүнчү, / Чакмакташты Кетиркей, / Алдырып кетти Котенге, / Чакмакташ деген жер бар дейт, / Узун кулак укмуштуу, / Карылар айтат бул күндө, / Муну мындай таштайлы, / Жай таппаган Калдыктын, / Кармалганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кырылышып өлөмүн, / Жалаңгыч сары Кененим, / Ойлонбоптур өлөрүн, / Көп кишинин бириндей, / Мени ошондой көргөнүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Көрдүңөрбү бурутту, / Дөөкан, Банус хандардай, / Сотой, Соксо калдайдай, / Мени ошондой көрүшүн, / Ойлобой келген бул бурут, / Айжаңжүндөн өлүшүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Оболбек менен Сетертай, / Төрттөн киши койгун деп, / Оргу-баргы чоголдон, / Ошондой киши болсун деп, / Чоголдон таап сегизди, / Таманын жерге тийгизбей, / Айдатып жолго киргизди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошондой кыл,— деп сөөмөйүн Беккулдун көзүнө такады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →