ошондо
- Ошол кезде, ошол убакта, ошол учурда.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошондо баатыр шер Манас, / Ачууланып күүлөндү, / Элүү төрт илек кол айдап, / Бейжинге ырас киргени, / Ошондон чатак арбыды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ойлонду Сыргак жана да, / Жан айабай баратып, / Акылында муну айтып: / “Кечээ тал чокунун кырында, / Чубактын салган чырында, / Ойрон Алма баатырдын, / Ошондо айткан кеби бар: / Хан кыл десем кимиңди?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баш көтөрүп ошондо, / Хан Сейитек айтат кеп: / — Керменбайдын кеңеши, / Өтө сонун кеп экен, / Мен билүүчү кеп болсо, / Баарыңарга эп болсо, / Канчорого кеп болсо, / Каркылдап карап турганда, / Хан абам билсе эп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошондо кыз чыдабай бир күнү элди чогултуп, Зыйфырымдын көзүнчө.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →