ошентип
- Ошондойчо, ошондой болуп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошентип Торгой турганда, / Обу жок Отор чоң капыр, / Күүлөгөнө найза сундуруп, / Күүгүм туман көздөнүп, / Күңүрт сүйлөп тил келбей, / Бурулуп кеткен өңдөнүп, / Жамгырда келген сел өңдүү, / Өркөчтөнүп түрдөнүп, / Ого бетер Торгой кыз, / Жалдырап-жайнап дени өлүп: / “Беттешин көрбөй баатырдын, / Мен кетпедим не өлүп!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кыргыл баштап кыркынан, / Дайарданып сен бешөөң, / Асманда учкан чымчыктан, / Жерде жүргөн Коңурдан, / Бирөөнү чала кармабай, / Көзүңдү ачып байкасаң, / Деп ошентип Алмамбет, / Болду толук айтып кеп, / Байкастоого кууларды, / Белгиледи буларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жайытта уйдун богунан, / Томолоктоп кургатып, / Кылга тизип тагынат, / Ошентип жүрүп ар кайда, / Көрүнүп элге далайга, / Түбү жок зандим бир жерге, / Түшүп өлдү жеркуйга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошентип менин шыбагам бүгүн үйдөгүлөрдүн пайдасына калды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ошентип, бала менен энеси жыргап-куунап, жакшы турмушта жашап калган экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →