ошент
- Ошондой кылуу, ошондой иштөө, айтылгандай же мурдагыны уланта иштөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошентсем коркуп кетет деп, / Опуза кылган кебиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ошентип Алмаң барганы, / Атын киши албады, / Өзү түшүп байлады, / Токтор менен Чайаны, / Айланасын бир карап, / Алмамбет көзү жайнады, / Ошентсе да достукту, / Жаман жакка кыйбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ошентсе да жеңеңде, / Ордо кайда, үй кайда?, / Мурдагыдай күн кайда?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошенткенде Жапарбек экөөбүз аны кармап алып, күркүрөп жаткан сууга келип уруп жибердик эле, кулачтап алып жөнөдү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Күүгүм кире электе элиңиз жатсын, өзүңүз да ошентиңиз – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →