очоктой
- Оор, өтө оор.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Жөө тумандай сапырып, / Алдындакы тору атка, / Туйагы тийген жерлерин, / Жер очоктой каздырып, / Арандай оозун ачтырып, / Жолум үйдөй көбүктү, / Жол бойуна чачтырып, / Койуу жерин суйултуп, / Сейрек жерин чогултуп, / Калың топко кол салып, / Ар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Аттын изин караса, / Ары карай качыптыр, / Туйагы тийген жерлери, / Жер очоктой казылып, / Жолум үйдөй топурак, / Жол бойунда жатыптыр, / Эңкейип жерди караса, / Оң бутунан Кененим, / Кан куйулуп атыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ат алдына караса, / Алмамбеттин Сарала, / Суулугу жерге салынып, / Туйагы тийген жерлери, / Жер очоктой казылып, / Аркасынан чыккан чаң, / Жөө тумандай жазылып, / Катуу арыш алыптыр, / Аз болгондо тай чабым, / Астына келип калыптыр, / Кыргыл баштап кырк баатыр, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мингени тулпар Телкүрөң, / Кош кулагын жапырып, / Араандай оозу ачылып, / Аркадан чыккан тозоңу, / Жөө тумандай жазылып, / Төрт туйагы тийген жер, / Жер очоктой казылып, / Ооздук тиштеп, көз жайнап, / Опсуз күлүк Телкүрөң, / Жүгүрөр чагы болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Керилип туруп сийген жер, / Бут менен колдун арасы, / Кере бута кеңдиги, / Солбуп бутун тарткан жер, / Жер очоктой ойулган, / Зоо жакка башын бургандай, / Из белгиси ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →