очок
- Казан асууга ылайыктап жерден оюлуп, же таш тизип жасалган кемеге, же кирпич коюп жасалган от жагуучу жай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кебез тоонун боорунда, / Килботодон алдырсак, / Темир эрип чыгуучу, / Очокту андан салдырсак, / Урум чыкчу Таш кенди, / Алатоодон алдырсак, / Кырым чыкчу кен ташты, / Керметоодон каздырсак, / Ошонун баарын чогултуп, / Көөнө токой Самаркан, / Ошол жерге жам кылсак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Там бойлотуп жаткырган, / Кээ бирөөнү карасаң, / Төрт айактап бастырган, / Күйгүзгөн топо очокко, / Алтындан казан астырган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эшиктин алдында, очоктун жанында бир колтуктай бактын куураганы жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала салам айтып, Таан падышанын очогунун боюна отурат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →