очой

китептерде 10 жолу, 6 китепте
  1. Чоң көрүнүштө болуу, көлтөгөй көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…туп, / Көзү чыгып олойуп, / Кулагы жок мулуйуп, / Колу жоктор чолойуп, / Ээси коркуп энтеңдеп, / Эми айлам кантер, деп, / Жыгылып-кооп темтеңдеп, / Бели сынган очойуп, / Карачкыдай чочойуп, / Далысынан кан агып, / Кызыл канга кошулуп, / Ак көбүктөп шар агып, / Баш аламан суналып, / Ичегиси чубалып, / Кирпиги араң ирмелип, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Оңдоп эми кармады, / Очойгон зоону бир урса, / Оморулуп кетүчү, / Чойун башты колуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Атка токум салдырып, / Оңдоп минип очойуп, / Карачкыдай чочойуп, / Тогуз кабат темир тон, / Кара бойго кийинип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Найзасын күүлөп сайа албай, / Шоорук калды токтолуп, / Токтолгон Шоорук очойуп, / Каракер менен чочойуп, / Кудурап Шоорук сурады: / — Мен көрбөгөн элим жок, / Балта менен Жамгырчы, / Андан жакшы тыңың жок, / Кошой менен беттештим, / Койгулаша кеткенмин, / Жеңише албай экөөбүз, / Ажырашып мен кеттим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…бөлөк, / Кирпик ирмеп көз жумбай, / Күүлүү келген найзаны, / Учунан улай кармады, / О дүйнө кеткен айкөлдүн, / Колдой көр деп арбагы, / Сендиректеп Телкүрөң, / Очойо түшүп оңолду, / Өйүз-бөйүз элдерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →