очогор

китептерде 37 жолу, 5 китепте
  1. Милтелүү мылтыктын аталышы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…дап, / Асманга учуп чыга албай, / Суунун бети шарпылдап, / Коргошун, коло, чойун ок, / Сууга түшүп чулпулдап, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Баш аламан барсылдак, / Очогор үнү зүңкүлдөп, / Жер айрылып дүңкүлдөп, / Бараңдын үнү барсылдап, / Ашкере үнү таанылбай, / Кулак тунган карсылдак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Казынада элдерге, / Жатып жеген эрлерге, / Жалпы баарың жүргүн, деп, / Жарлык кылды бүт элге, / Жапырт баары жөнөдү, / Жазайыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып, / Жер куйкалап топ атып, / Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топурак, / Асман ачык, жер бүркөк, / Жерге кирди сүлкүлдө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…он жеткемин, / Найза менен бир муштап, / Алгаранын үстүнөн, / Аңтара сайып өткөмүн, / Аңгычакты болбоду, / Жазайыл мылтык, жаа тартты, / Дүңгүрөтүп топ атты, / Очогор менен ок атты, / Үнү кулак тундурган, / Замбирегин кошо атты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алмамбет айткан керээз кеп, / Акылга Сыргак илет деп, / Алгара таштап Коңурбай, / Ташка чыга бергенде, / Көр напсиге алданып, / Алгараны алам деп, / Очогордун огуна, / Учуп кеткен деп угам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Муну бузуп өтсө да, / Бешинчи сапка жетсе да, / Очогор мылтык, топ турса, / Кайда качып кутулар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →