оч
- Төөнү айдоодо колдонулуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чокморун алып чочоңдоп, / Кирип келди очоңдоп, / Чокмор чапчу колуна, / Чоң балта менен алдыртан, / Кагып калды Чакмакташ, / Катуу айгайлап карыга, / Салып калды Чакмакташ, / Бул чочконун бир колун, / Чагып салды Чакмакташ.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Куйруктары булактап, / Кулактары шалактап, / Арыган көрдүк көп атты, / Алдыңкы колу очоңдоп, / Арка буту чочоңдоп, / Келатат көрдүк топ атты, / Каңгайлыктын аты окшойт, / Баары окшош каратты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ат дабыртын укканда, / Очоңдогон Куталак, / Мылтыгын оңдоп алганча, / Жоодар бешим турабы, / Калмак карап аңгыча, / Толгонуп бери болгончо, / Найза менен калмакты, / Бакалоорго бир койду, / Тийактагы кулактан, / Найзанын учу жылтырап, / Үч карышча коройду, / Жер кучактап Куталак, / Ал төбөдө жоголду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эңишке келсе калчанын, / Толорсугу кыркылган, / Алгарасы очоңдоп, / Өргө тартса Кара атты, / Көчүктөн жөлөп чочоңдоп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →