отургуз
- Бирөөнү отура турган орунга жайлаштыруу.
- Тигүү (мис., бак, алма ж.б.).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сүннөт кылыш, ат койуш, / Тойун берсем эми, деп, / Тойдун камын ойлоду, / Сырынын четин кылайтпай, / Чакырчуу жерин болжоду, / Отургузду алдына, / Кат жазуучу молдону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Кечээкидей жерге отургузуп тамак берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Келе салып элди койдой ийрип отургузуп салып, аралап эмне бар деп ар кайсы жерде томпоюп жаткан буюмдарды кылычы менен бир сыйра сайгылап өттү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кан келет дагы сени жакшы көрсө тактысынын жанындагы бөлмөгө, жаман көрсө үйүнүн жанында бир үй бар ошого отургузат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ал эми менин оюм мындай: бул шаардан сиздин кызыңызга окшогон үч кыз таап, анан төрт кыздын үстүнө чүмбөт жаап, төртөөн төрт арабага отургузуп коюңуз.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →