отур
- Жерге, белгилүү бир орунга, орунтукка, ээрге ж. б. көчүк койгон абалда орун алуу, жайгашуу.
- Жардамчы этиш катарында кыймыл-аракеттин созулушун, үзгүлтүксүз болуп турганын көрсөтүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Перилерден кеп угуп, / Ичи ачынып от күйүп, / Эки жагын каранып, / Нурфанунун отурган, / Ордун көрүп Бекбача, / Жана кетти эс танып, / Кой эти бышым болгондо, / Ордунан турду эс алып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Желбегей чапан жабынып, / Эки жеңи салынып, / Эр Манастын үйүнө, / Басып кирди далыйып, / Кыраандын баары ошондо, / Кырка отурган кырк чоро, / Эшиктен бийи киргенде, / Бары турду дүрбөшүп, / Улуктугун урматтап, / Төрдөн орун көрсөтүп, / Төрөлөр жакка өткөзүп, / Аш-тамагын татканда, / Даст…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аркар карап, мал карап, / Бир дөбөдө отурсам, / Дүркүрөп чыкты бир топ жан, / Арбын мал бар айдаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Ырас келбедиңерби, отургула.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →