отун

китептерде 112 жолу, 10 китепте
  1. Жагуу үчүн колдонулуучу жыгач, таш көмүр, тезек, көң ж.б. нерселер.
  2. тех. Күйүүчү заттар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кубатай барса элине, / Чатырларын бүктөшүп, / Жаккан отун өчүрүп, / Жаткан аскер дүрбөшүп, / Биз ашучу бел кайсы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жамгырда эгин айдаса, / Жел согуп үшүк албаса, / Бышпай чийки калбаса, / Өлчөм деген болбосо, / Таар-таарлап дан алса, / Суудан кемип калбаса, / Чирип жатат жыгачтар, / Отун издеп бир жерге, / Убара болуп барбаса, / Талыгабы кыргыздар, / Ушундай жерге карчашса? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жалгыз бала барбаган, / Отун-жыгач алалы, / Айылдан барган канча жан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Отун таарычумун. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Мен уруксат бермейинче, ушул шаардын отун түн ичинде чыгарбаңыз. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →