оттук
- От күйгүзүү үчүн колдонулган чакмак таш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сундуруп найза тартпады, / Айыгышып жоо жеңген, / Тукумуна Манастын / Өзүнөн калган санатты, / Айдары алтын жаркылдап, / Асабасы калкылдап, / Өңү сары, көзү көк, / Оттук таштай жалтылдап, / Билеги батпай жеңине, / Булчуң эти балкылдап, / Коргошун жүрөк, сом билек, / Коркпойт Асыл Кара көк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күн төбөдөн өткөндө, / Бешим болгон кездерде, / Ажыкең анда чыдайбы, / Сары жез чылым колго алды, / Анжийандын ак курма, / Тамекиден мол салды, / Кытайдын кызыл оттугу, / Кырып алган жер куусу, / Кой борумдай чок койду, / Коркурата бир сорду / Койо берди кекирип, / Түндүктөн түтүн буркурап, / Өрт алдыбы үйдү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кырып алып оттукка, / Жолум үйдөй чок койду, / Жолу каткыр бир сорду, / Нары тартты коркурап, / Кылымда мындай бүтүн жок, / Кылайып жанган түтүн жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…лтуйтуп, / Артынан чаңын бургутуп, / Айбаты көптү жапырып, / Топону көккө сапырып, / Кан ичме кыргыз, чыккын, деп, / Сейитимди чакырып, / Өңү сары, көзү көк, / Оттук таштай чакыйып, / Токтобой көзү ойноктоп, / Сүзөнөк уйдай акырып, / Күңгүрөнүп, күүлөнүп, / Күүгүмдөгү устадай, / Токтобой бети түрдөнүп, / Ачуудан заары төгүл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
– дейт да, оттукту ийнинен алыс ыргытып жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →