отор
- Малдын (негизинен жылкынын) кышкы жайыты (күнөстүү, кар аз түшө турган жер).
- Кышкы жайыттагы жылкы баккан адамдар – жылкычылар (отор башы ошол жылкычылардын башчысы).
- эс. Алыс жак, алыскы өлкөлөр.
- эс. Колония.
- Бир короо кой-эчки, койдун өзүнчө бөлүнгөн тобу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атты айдатып жиберип, / Башка ойунду салганы, / Сайышка өзүм чыгам деп, / Отор чыгып калганы, / Оторду көрүп Бекбача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баарысына Шоорук хан, / Бабырап кебин баштады, / Баштан-айак бүт айтты, / Бала жолборс арстанды, / Батай, Катай, Оторду, / Тобуке, Дөрбөн ошону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жалгыз кара башыңды, / Отор, Дөрбөн, Кыйардан, / Батай, Катай – булардан, / Андан кала бергенде, / Андайлардан неченден, / Кеп кутулбас чеченден, / Астынан киши өтпөгөн, / Азым деген кечи…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Тийишпеген кишиге, / Мен тийбейм Кененим, / Тийишип келсе Отордой, / Талпагын ташка керемин, / Жалганы жок жамаксыз, / Анык болсо чын кебиң, / Ээсиз калган муңгулдан, / Жыйнап келген аттарды, / Баарын, шибе, саа бердим, / Сай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыркы кыркты котчу алды / Кутургандан жүздү алды, / Бир жүз сексен эр келди, / Каптап кетер сел келди, / Кармашып күчү жетпестен, / Каракалпак элдери, / Калтырбай жылкы оторду, / Карап жүрүп бүт алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →