отоо2
- Дан эгиндерин, жашылчаларды ж. б. зыяндуу чөптөрдөн арылтуу жумушу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айдар кара чачы бар, / Өңөргөн койдой кашы бар, / Жылкычынын отоосу, / Жолум үйдөй башы бар, / Эки бети болтогой, / Эки даңгыт тойгондай, / Мойну жоон букуйуп, / Далысы дүмдүк дукуйуп, / Төө кенедей кулагы, / Белгиси турат мулу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Апийим отоосу болуп калган кез.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Алар уй кайтарып калды, мен апийимдин отоосуна: шаардын башына чыгып кеттим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Апийим отоосунда мен он чакты күн жүрүп калдым.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Калаанын аягында апийим бар экен, экинчи отоосу жүрүп жатыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →