ото
- Эгиндин, жашылчалардын ж.б. арасындагы отоо чөптөрдү чаап же жулуп, тазалап салуу.
- өт. Жок кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сатайдан коркуп кеби жок, / Сыр алдырбай Сатайга, / Жүргөн каңгай шеги жок, / Отой улук болуптур, / Айанып калар жери жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сатай ханды баш кылып, / Калгандын көзүн жаш кылып, / Кары-жашы дебестен, / Кылчайып карап койгонду, / Калтырбай баарын отоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жалгызектин бүркүтү, / Адырга аркар ототтпойм, / Кадууга жейрен топтотпой, / Коктуга түлкү жойлотпой, / Тектирге теке жайылтпай, / Кайыптын күнүн түгөтүп, / Карып кылып салыптыр, / Канча чыкса карышкыр, / Калтырбай баарын жарыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Баарын отоп болуп эми төшөк орунчубузду сатабызбы?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эгинин отоп жүрсө, жакын эле жерден ышкырган дабыш чыгат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →