осолдук
- Оройлук, одонолук, чекилик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Осолдук кылба камчы чаап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Осолдукту кой, Чубак!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эл ичинде, абаке, / Айрыкча Кыйаз бар үйдө, / Өөдө, төмөн кеп айтып, / Осолдук кылдым мен сизге, / Антпегенде амал жок, / Мен кичине, сен чолок, / Айнек көз турса жумулбай, / Айгине болот акыры, / Агы менен карасы, / Адал-арам арасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →