орчун

китептерде 7 жолу, 2 китепте
  1. Көп, көпчүлүк.
  2. Ири, чоң, башкы, негизги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алайып тиктеп бет келип, / Айткышкан бенде болбогон, / Каршылашкан ким болсо, / Кырынан сулап сойлогон, / Отуз жашта бул күндө, / Ордолуу орчун хан болгон, / Урматы улуу саналып, / Ойротко сөзү даң болгон, / Катарда жок Көкчөнү, / Жол каратып хан койгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…п, / Чарадай айак сунушуп, / Каргыт дешип урушуп, / Баланча кыйын ичти, деп, / Байандаша турушуп: / Кызымтал болуп дуулашып, / Күлкүгө күлкү улашып, / Олтурган орчун бийлери, / Сүйлөп жатса билгенин, / Түрүлүү эшик маңдайдан, - / Накылайдын үйүнөн, / Чыгып калды арыстан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ыз көл болуп, / Бирдемде чыгып барыптыр, / Ирегенин көгүнө, / Апкарышып туруптур, / Бул ойлор болуп көбүндө: / “Байжигит менен Бердике, / Ошур менен Саламат, / Орчун жыйын тамамат, / Шыкай берип кымызын, / Жегин, ичкин, тойгун, деп, / Жергесинин баарысын, / Жедирмек экен анысы, / Энебей калып мунусун, / Эт жегени курусун, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оозунан чыккан түтүнү, / Орчун Бейжин калаага, / Оодарылбай уйуду, / Ошол күнү чандандар, - / Кары менен жаш балдар, / Үйүн таппай куруду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жебе, жасын асынып, / Дүрдүгүшүп калышты, / Орчун колу камынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →