орунсуз
- Жөнү жок, ылайыксыз, дайынсыз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Орунбай уккан кабарды, / Элөөсүз жумшап адамды, / Көрүп келген көз менен, / Беш урук эли чогулуп, / Болуп жаткан абалды, / Камдап койуп миң балбан, / Орунбай өзү асталап, / Кененимге барганы, / Уккандарын калтырбай, / Бардлык кебин салганы, / Угуп болуп Кененим: / — Ордонун беги Орунбай, / Орунсуз го бул кебиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Деп бакырып турганда, / Коросондун Дабытай, / Коркуп туруп алалбай, / Эми шылтоо табалбай, / Отордун алты катындан, / Орунсуз өлүм кабылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…жыйылып, / Хан Бакай баштап күйүгүп, / Кабылан укту туйунуп, / Кермеден атты алдырды, / Нөөкөрлөргө буйуруп, / Отуз нөөкөр кыл шайы, / Ордодо кызмат кылганы, / Орунсуз кепке арданып, / Оолугуп кыргыз турбады, / Туучунак атын алдырып, / Бай Жакып токум салдырып: / “Кардыгач кандай болду-деп, / Баласына кайгырып, / Куураган эке…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кагышар болсоң тил албай, / Жарагың жок майданда, / Жалдырап калдың маңдайда, / Кылычың жатат алдыңда, / Балтаң жатат аркаңда, / Жерге түшпөй ордунда, / Чокморуң турат такымда, / Орунсуз кепти сүйлөбөй, / Обуң менен такылда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…калча дээр эле, / Жүржүт менен жуда бар, / Алты уруусу ал эле, / Алты урууну башкарган, / Карманап менен Карадөө, / Ага-ини неме эле, / Карадөөдөн тукум жок, / Орунсуз экен дүйнө шок, / Карманаптын алганы, / Хан Жакыптын Кардыгач, / Ал Манаска эже эле, / Кардыгач менен хан Манас, / Жатындаш тууган деди эле, / Түшчү, балам, бу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →