орундуу
- Жөндүү, жөнү бар, ылайыктуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Опсолоң эмес орундуу, / Ооздон чыккан кебибиз, / Ордонун ханы Орунбай, / Дайынын айтып бериңиз, / Кароолчу берген биздерге, / Колубузда белгибиз, / Орунбай менен көрүшсөк, / Ошондо чыгат кебибиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карыганда Карахан, / Алмамбет сага кубат, де, / Алмамбет, Манас барында, / Алдыңызда тамам жан, / Кол куушуруп турат, де, / Камык кылам тойуңду, / Агартамын ойуңду, / Ушинтип койуп кайтканың, / Барысынан орундуу, / Алдыратып Алакең, / Барып бүгүн айтышты, / Шаштырды кыйын Жакыпты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ойлоп, балдар, көргүлө, / Орундуу акыл бергиле, — / Бакай айтып салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Оңдой берет олутту, / Орундуу берет конушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ойротту көрүп Сомбилек, / Опсуз катуу сүйлөнөт, / Орундуу айтып жүйөсүн, / Оолугуп баатыр жемелеп: / — Сен кеткели бир жылдан, / Ашып кетти ээ Ойрот?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →